Мирлан Бакиров вице-спикер болуп шайланды

Жазылуу
Буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз ыктыяры менен кызматтан кеткен

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды.

Депутаттар жашыруун добуш берип, анын жыйынтыгында 61 добуш менен Бакиров жаңы кызматка шайланды.

Эске сала кетсек, буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0