Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл ичинде саясий багытта өлкө олуттуу өзгөрдү. Бийликтин башындагылар гана эмес, бутактары да алмашты. Ар кандай себептерден улам саясий каймактардын да курамы жаңыланды.

Узап бараткан 2017-жыл ар кыл окуяларга жык болду. Sputnik Кыргызстан редакциясы маалына жараша тизмектей жылдын саясий жыйынтыгын чыгарат.

Жаңы өкмөт

21-августта агездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетип, президенттикке ат салыша тургандыгын жарыялаган. Премьердик бош кызматка СДПК фракциясы президенттик аппараттын ошол маалдагы жетекчиси Сапар Исаковдун талапкерлигин көрсөткөн. 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Исаковдун талапкерлигин жана анын командасын өкмөттүн курамына бекиткен, ал эми эртеси Алмазбек Атамбаев жаңы дайындоолор боюнча буйруктарга кол койгон.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИсаковдун өкмөтү алгачкы жумушчу жыйынын өткөрүүдө
Первое рабочее совещание с участием членов Правительства КР и руководителей государственных органов страны - Sputnik Кыргызстан
Исаковдун өкмөтү алгачкы жумушчу жыйынын өткөрүүдө

Белгилей кетсек, жаңы өкмөттө дээрлик бардык вице-премьерлер алмашты.

Өзбекстан менен достук мамиле

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле абдан начарлап кеткени жашыруун эмес. Шавкат Мирзиёевдин президент болуп шайланышы менен кырдаал, аны менен бирге коңшу мамлекеттер менен мамиле өзгөрүү өңүтүн алды. 5-6-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен Мирзиёев келсе бир айдан кийин эле Атамбаев жооп кылып Ташкентке барган. Быйыл эки тарап көптөгөн, анын ичинде – мамлекеттик чек аранын бир кыйла бөлүгүн деморкациялап, суу, энергетика, аскер чөйрөсүндөгү кызматташтык сымал көйгөйлүү маселелер боюнча макулдашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары
 Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан  - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасында көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ачуу маселеси да чечилип, Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1 (долбоору боюнча бул Кыргызстандагы эң кубаттуу станция болот) курулушуна каршы чыгуусун токтотту. Ал эми 13-декабрда өлкөнүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий сапар менен жөнөдү.

Казакстан менен тирешүү

19-сентябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Казакстан калк башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолуккан. Буга өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кескин сын пикир айткан. Атамбаев 7-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде бул жолугушуудан улам Казакстандын бийлигин катуу сынга алган.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында көйгөйлөр жаралган. Адегенде коңшулар муну атайын операцияларды өткөрүү зарылдыгы, кийинчерээк көмүскө импортко каршы күрөш, башкача айтканда, Кыргызстан аркылуу кытай товарларынын аткезчилигине бөгөт коюу аракети деп түшүндүрүшкөн.

19-октябрда Исаков казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен Астанадагы жолугушуусунун жүрүшүндө жүк ташуучу фуралардан тышкары чек арадан өтүү жол-жобосун жеңилдетүү боюнча макулдашкан. Эки тарап көйгөйдү "жол картасынын" жардамы менен чечүүнү сүйлөшкөн. Бирок маселе абдан кечигип, ал эми Исаков жана Сагинтаев экөө тең КМШ жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусуунда сынга алган билдирүүлөр менен чыгышкан. Аны улай эле Атамбаев Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө жол бербестиги туурасында бир нече ирет кескин билдирүүлөрдү жасаган. Мындан тышкары, кыргыз тарап Казакстан убада кылган 100 миллион доллардан баш тарткан. Эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаал президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаевдин 30-ноябрда ЖККУнун Минскиде өткөн саммиттеги жолугушуусунан кийин гана жөнгө салынды.

Чек ара жүк ташуучу унаалар үчүн да убактылуу ачылды, ал эми тараптар акыры экономикалык кызматташуунун "жол картасына" кол коюуга жетишишти.

Өлкөнүн жаңы президенти

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Өлкөнүн кан тактысы үчүн адегенде 59 киши ат салышууга аттанды, бирок 13ү гана катталып, жакындаганда алардын саны кыскарды.

Расмий жыйынтыктарга ылайык, шайлоочулардын 54,22 пайызынын добушу менен Сооронбай Жээнбеков жеңип чыгып, экинчи орунда 33,49 пайыз добуш топтогон Өмүрбек Бабанов болду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы
Инаугурация избранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы

24-ноябрда Жээнбековдун элге ант берүү аземи өтүп, ал эми Атамбаев мамлекеттин экс-президенти макамын алды.

Мамлекеттин экинчи жүзү

Бул жылы президент менен премьерден тышкары парламент спикери да алмашты. Мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков (КСДП) президенттикке талапкерлигин коюу дымагын жашырган эмес. 15-июлда КСДП съездинде делегаттар президенттикке агездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ошол эле саясий иш-чарада Турсунбеков да мамлекет башчы тактысы үчүн ат салышууга ниеткер экендигин билдирген, бирок анын бул кадамы партиялаштарынын нааразычылыгын жараткан. Атамбаев жайкы маалымат жыйынында "съезддин чечимине макул болбогон киши уставга ылайык партиянын катарынан чыгууга тийиш" экенин айткан. Саясий серепчилер Турсунбековдун президенттик дымагы спикерлик тактыдан ажыратышы мүмкүн деген пикирлерин билдиришкен. Бирок кийинчерээк Турсунбеков талапкерлигин коюудан баш тарткан.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖаңы төрага Дастан Жумабеков
Жаңы төрага Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жаңы төрага Дастан Жумабеков
1/2
Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков
2/2
Жаңы төрага Дастан Жумабеков

25-октябрда ал төрагалык кызматынан четтеген. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Турсунбеков партия ичинде ишеничтен тайыбагандыгын жана аны эч ким кодулабагандыгын айтты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында башкаруучу коалициянын талапкери, "Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Күчтүү премьер

2016-жылдын 11-декабрында кыргызстандыктар Конституциянын 29-беренесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө добуш беришкен. Референдумдун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн башкы мыйзамына 40 өзгөртүү киргизилип, көптөгөн так эместиктер, бурмалоолор жана карама-каршылыктар жоюлган.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков

Ушул жылдын 1-декабрынан баштап Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Бул оңдоолор премьер-министрдин бийлигин чыңдайт: министрлерди кызматтан алуу жөнөкөйлөшөт, шайкеш бюджет кабыл алуу да жеңилдейт. Ошентсе да алардын арасынан өкмөт үчүн эң маанилүү өзгөртүү болуп Жогорку Кеңештеги коалициянын туруктуулугун камсыздоочу жобо саналат (буга ылайык, өкмөт да туруктуу боло түшөт). Мындан ары коалициянын курамынан чыгуу үчүн фракциянын жалпы депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөлөрүнүн макулдугу талап кылынат. Фракциянын чечими токтом түрүндө бекитилип, анда курамдан чыгууга добуш берген ар бир парламентарийдин колу коюлушу керек.

Камоолор жана саясатчылардын соттолушу

Февралда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгон. Ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине бир катар сын айткан оппозициялык депутатты иш сапардан кайтып келатканында "Манас" аэропортунан камакка алышкан. Ал россиялык ишкер Леонид Маевскийден "Альфа Телеком" ЖАКтын (MegaCom соода маркасы) башкармалыгына кириш үчүн 1 миллион доллар пара алды деп шектелген.

© Sputnik / Расул Усеналиев"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин соту
Суд над политиком Омурбеков Текебаевым - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин соту

Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов сегиз жылга эркинен ажыратылып жаза өтөшүүдө. Өз кезегинде БШК ал кишини депутаттык мандатынан ажыратты.

Чет жерде жүргөн мурдагы эл өкүлү Садыр Жапаров УКМКга күбө катары чакырылган. 25-мартта ал Кыргызстанга кайтып, дароо камакка алынып, УКМКга жеткирилген. Ага Караколдогу митингчилер тарабынан Ысык-Көл облусунун башчысы барымтага алынган 2013-жылдын 7-октябрындагы окуя боюнча Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет, бейбаштык, барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча иш козголгон. УКМКнын имаратынын айланасында Жапаровдун тарапташтарынын нааразылык акциясы башталып, аларды таратуу аракетинде милиция асманга ок чыгарып, 105 кишини кармап, алардын көпчүлүгү камалган.

© Sputnik / Расул УсеналиевСадыр Жапаровдун иши боюнча өтүп жаткан соттук отурум
Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун иши боюнча өтүп жаткан соттук отурум

Кийин экс-депутат тергөө абагында кан тамырын өзү кескен. Августта Жапаров 11 жыл алты айга эркинен ажыратылган. Ал үч берене боюнча акталып, бирок барымтага алуу боюнча соттолгон. Экинчи инстанция да ал өкүмдү күчүндө калтырган.

"Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаев 30-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал бир катар адамдар менен жең ичинен сүйлөшүп, президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлердин бири жеңилген шартта массалык баш аламандыкты уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн деп шектелген.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Канат Исаев
Депутат Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Канат Исаев

2-октябрда ал да камакка алынган. Тергөө жүрүүдө.

4-ноябрда Башкы прокуратура президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоду. Кылмыш ишинин козголушуна саясатчынын үгүт иштери маалындагы Ош жергесинде сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Саясатчы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык, ошондой эле улуттук, расалык жана диний кастыкты козутууга аракеттенди деп айыпталууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековVI чакырылыштын депутаты Өмүрбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов  - Sputnik Кыргызстан
VI чакырылыштын депутаты Өмүрбек Бабанов

Ушул чакта ал чет өлкөдө. Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековго анын ант берүү аземи күнү ошол жактан кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0