Кыргызстандын ТүркПАдагы төрагалыгы өлкөгө эмне берет? Пикирлер

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков  Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрдын башында Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жетинчи жыйыны өттү

Анда 2018-жылы уюмга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди. Ошондой эле ассамблеянын башкы катчысы да Кыргызстандан шайланып, бул кызматка Алтынбек Мамаюсуповдун талапкерлиги колдоого алынды.

© Фото / пресс-служба ЖКТүркПАнын башкы катчылыгына Кыргызстандан шайланган Алтынбек Мамаюсупов
Заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ТүркПАнын башкы катчылыгына Кыргызстандан шайланган Алтынбек Мамаюсупов

Аталган уюмга төрагылык кылуу Кыргызстанга кандай артыкчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдү берерине Sputnik Кыргызстан саресеп салып көрдү.

ТүркПАнын Бишкектеги жыйынын алып барган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстан аталган уюмга төрагалык кылуу маалында укуктук маселелерге көп көңүл бурарын айтты.

"Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн күчтүү парламенттеринин мыйзамдуулук жана демократия принциптерине таянган бекем бирлиги келечекте биздин өлкөлөрдүн биргелешип гүлдөп өнүгүшүнө жана бакубат жашоосуна негиз болуп саналат", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле уюмдун бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүү дагы четте калбай турганын белгиледи.

Делегациянын өкүлдөрү ТүркПАга Өзбекстан менен Түркмөнстандын парламенттерин мүчө кылып кабыл алуу керектигин белгилешти. Ассамблеянын Бишкектеги жыйынына Өзбекстан ардактуу конок жана Венгрия мамлекети байкоочу катары катышкан.

Бишкектеги жыйындын соңунда тараптар кандай чечимге келгенин Жумабеков журналисттер үчүн уюштурулган атайын маалымат жыйында айтып берди.

© Фото / пресс-служба ЖК2018-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү
Заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2018-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

"Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы карым-катнашты жакшыртууну, ошондой эле эл аралык маселелер жана келечектеги иш пландарды талкууладык. Өзбекстанга уюмга толук мүчө болуп киргиле деп сунуш бердик. Биздин жыйынга Өзбекстан парламентинин төрагасынын орун басары катышты. Боордош элдин парламентин өзүбүзгө кошуп алсак чоң жетишкендик болмок", — деди төрага.

Бардыгы Кыргызстандан көз каранды

Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков КРдин Россияга болгон карызын кечүү боюнча мыйзамга кол койду
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясын жетектеген Садык Шер-Нияз Кыргызстан төрагалык кылган убакта өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташуулар артат деген илгери үмүттө экенин билдирди.

"ТүркПА түрк тилдүү парламенттердин кеңеше турчу органы катары пайда болгон. Уюм отурумдарында мамлекеттик, эл аралык, экономикалык, маданий байланыш боюнча чечимдерди чыгарып келет. Уюмдун башкы штабы Баку шаарында. Кийинки жылы аткарыла турчу иштер Кыргызстан тараптан шайланган Алтынбек Мамаюсуповдун иш алып баруусуна жараша болот. Буюрса маданий-гуманитардык жаатта алгылыктуу иштер жасалат деп үмүттөнүп турам", — деди Шер-Нияз.

Мүмкүнчүлүк бар, бир гана иштеш керек

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин мүчөсү Тажимамат Шаболотов төрагалык Кыргызстанга өткөндөн кийин Кыргызстан ТүркПАнын алкагында өтүп жаткан иш-чараларды өзү түзүп, өзү демилгелей аларын билдирди.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
"Бизде дагы мүмкүнчүлүк пайда болот, маселелерди түз коё алабыз. Мурда Кыргызстанга тиешелүү бир иш-чараны өткөрүү үчүн уюмдун төрагасына кайрылчубуз. Төрагалык кылган тарап катары Кыргызстан өзүнүн көйгөйлүү маселелерин эми ТүркПАнын аянтчасында чечип, ошого алып чыкканга жол ачылат. Эми биз түздөн-түз өзүбүз демилгелеп чече алабыз. Уюмга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн маселелери менен төрагалык кылып жаткан тарапка кайрылат. Башкача айтканда, Кыргызстан аркылуу өтөт", — деди Шаболотов.

Ал уюмдун башкы катчылыгына Кыргызстандын өкүлү шайланып жатышы ТүркПАнын тарыхында биринчи жолу болуп жатканын баса белгиледи.

"ТүркПАнын тарыхында биринчи жолу Венгрия байкоочу, Өзбекстан ардактуу конок катары катышты. Бир жылдын ичинде ТүркПАга мүчө кылып киргизсек Кыргызстан төрагалык кылып жатканда кирди деп тарыхта калып калат. Аны жасоого бизде мүмкүнчүлүк бар", — деди ал.

Эске салсак, ТүркПА 2008-жылы ноябрь айында Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин жыйынында түзүлгөн. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун, ошондой эле маданий-гуманитардык байланышты чыңдоо боюнча аракеттерди көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0