Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин архивдик сүрөтү

ЖКга 2016-жылдын отчетун бере элек акыйкатчынын "тагдыры" кылдын учунда

227
(жаңыланган 10:05 16.12.2017)
Депутаттын айтымында, акыйкатчынын маселеси жаңы жылга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, кызматын улантар-улантпашы чечилет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин 2016-жылкы отчету үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери угула элек. Себеби ал сегиз айдан бери Жогорку Кеңешке келип баяндамасын жасаган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрда, КСДП фракциясынын жыйынында акыйкатчынын ишмердүүлүгү боюнча маселе каралды.

"Акыйкатчынын жылдык отчету жыл сайын апрель айында угулат. Кубат Оторбаев 2016-жылдын отчетун сегиз ай мурун жакташы керек эле. Бирок ал бир да жолу келген жок. Бүгүн дагы белгисиз себептер менен жыйынга келбей калды", — деди Момбеков.

Депутаттын айтымында, акыйкатчынын маселеси жаңы жылга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, кызматын улантар-улантпашы чечилет.

"2018-жылдын апрелинде акыйкатчы 2017-жылдын отчетун бериши керек. Ошондуктан парламент өткөн жылдын отчетун эмки жылга калтырбай быйыл угат. Менимче жаңы жылга жетпестен маселе парламенттин жалпы жыйынында каралып, отчетун кабыл алуу же кабыл албоо чечими чыгарылат. Отчет кабыл алынбаса кызматынан четтеди дегенди билдирет", — деди Момбеков.

Sputnik Кыргызстан агенттиги акыйкатчынын өзү менен байланышууга аракет жасады, бирок анын уюлдук аппараты өчүк болууда. Ал эми маалымат кызматынын өкүлү Абсамат Талантбек уулу Оторбаев учурда ооруп жатканын билдирди.

"Акыйкатчы кечээтен тарта ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Бул боюнча фракциянын катчылыгына 14-декабрда маалымат берилген. Ал эми отчет боюнча айтсам, биз бардык маалыматты даярдап ЖКга бир нече ирет барганбыз, бирок ар кандай себептерден улам каралбай калып жатты. Жалпысынан акыйкатчы ЖКга ден соолугуна байланыштуу эки ирет бара алган жок", — деди Талантбек уулу.

Ал ошондой эле учурда акыйкатчы менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбой жаткандыктан алдыдагы кадамдары тууралуу айта албастыгын кошумчалады.

227
Белгилер:
Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Министр Боронов Чоң-Алай элинен кабар алып, 4 мобилдик үй жеткирди
Оторбаев Кубатбек Табылдиевич. Өмүр баяны
Швециялык активист Грета Тунберг. Архив

Грета Тунбергдин вазыйпасы аяктап, аны оюндан четтетишти

26
(жаңыланган 12:49 03.08.2021)
Батыш маалымат каражаттары адамзат узаган айдын аягында Жердин жылдык ресурстарын түгөтүп бүткөнүн жазып чыгышты. Казылган кендин баары августтун башынан декабрдын аягына дейре атмосферага чыгарылып, экологиялык карыз өндүрүлөт.

Адистердин эсебинде чек аралар, өлкөлөр жана континенттерге карабай адамзат керектөө жана өндүрүштүн азыркы деңгээлин сактап калуу үчүн планетабыздын азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө дагы кошумча үчтөн эки бөлүгүнөн ашууну абзел.

Экология темасында, албетте, Грета Тунбергди атабай коюуга болбос. Эсиңиздерде болсо, швециялык өспүрүм Грета климаттын өзгөрүшүнө каршы "окуучулук нааразылык акциясына" чыккан. Кесиптешибиз Елена Караеванын планетаны сактоо жаатындагы азыркы глобалдык саясатты талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Табият менен таттуу алакада болуу тууралуу насаатка СССРди көрүп калгандардын муктаждыгы жок. Дүйнөнүн "цивилизациялык ааламындагы" супермаркеттерде желим баштыктар пайдаланылып турганда совет өлкөлөрүндө дүкөнгө тор баштык менен барып (бүгүн ошол сумкалар моданын соңку жетишкендигине айланып, баасы маркасына жараша 80ден бир нече жүз еврого чейин), азык-түлүк пергаменттик кагазга оролуп, желим баштык чыкса ал көп жуулуп, кургатылып, башкача айтканда, көп жолу колдонулган.

Балдарды жашынан металлолом чогултууга көндүрүшкөн. Эски газета жана журналдарды да туш келди ыргытпастан кабыл алуучу жайларга алып барып, маселен, 20 килограммдык макулатуранын ордуна китеп алышкан. Айнек да, адатта сүт, айран куюлганы да, шарап жана сыра чыгарылган бөтөлкөлөр да өткөрүлгөн. Жашоонун мындай образы "жакырлыктан" эмес, жаратылыш ресурстарына карата аяр мамиледен улам терең ойлонуштурулган. Бул эми сөз кезеги келгендеги кеп.

Көмүр кычкыл газын азайтууну көздөгөн Киото протоколу иштей баштагандан бери парник газдарынын көлөмү көп деле азайбастан, биржалык сооданын өтө кирешелүү бөлүгүнө айланганы аныкталган. Анын чыгарылышына квота мунай, эгин, какао буурчагы жана башка биржалык товарлар (commodity) сымал эле товарга айланган.

"Планетаны коргоо үчүн күрөш" деген дүрбөлөңгө жамынып биржалар сөздүн түз маанисинде абаны сатышат. Мында пайдасын квотасы өтө көп жана квотасы абдан аз болгондорго ортомчулук кылган маклер жана брокерлер көрөт. Ал эми чоң суммадагы акча болгон жерде алдамчылык үчүн да мүмкүнчүлүк болуп көрбөгөндөй чоң эмеспи. Остап Бендердин урпактары, маселен, француз мамлекети "аба" соодасына кошумча нарк салыгын төлөбөй коюудан эле дээрлик эки миллиард евро тапкан. Бирок он жыл оболу али эч нерсе боло элек кез эле, каржылык глобалисттик чөйрөлөр чыныгы мөмөсүн азыр топтоого киришти.

Парижде өткөн климат боюнча конференция (2015-жыл) аяктаары менен жашыл бонд – облигацияларды жайгаштыруудан киреше алууга мүмкүндүк берген акча каражаттары түзүлгөн. Карыздар ири банктар же Европалык борбордук банк аркылуу кепилденет. Көлөмү — жылына ондогон миллиард евро. Анткен менен бул олчойгон сумма да күтүлбөгөн окуянын башаты гана. Чыныгы "оюн" үч жыл мурун коюлган, анда өспүрүм Грета Тунбергди "экологиянын Жанна д'Аркы" деп атап, Швеция парламентинде сөз сүйлөттүшкөн. Ошол 2018-жылдын жай мезгилинен бери анын сөздөрү, аракеттери алдыңкы маалымат агенттиктеринин "көзүнөн" түшкөн эмес. Ар жума күнү көрсөтүлгөн, баяндалган. Андай пиар спорттун да, саясаттын да, кинонун да жылдыздарына жасалган эмес.

Туура жарым жылдан соң Катовицада "климатты коргоо" боюнча кезектеги конференция өтөт. Анда өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларын жашыл рельстерге которуу чечимин кабыл алган (анын негизги жактоочусу Европа биримдиги, ал эми АКШ жана Россия өзгөчө пикирин билдиришкен). Андай ойдун наркы — жылына 100 миллиард евро.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир аз көмөктөшүп, бирок негизинен жашыл технологиялардын пайдасына рынокторду бөлүштүрүү үчүн бардык каржылык агымдарды европалык банк структураларына туташтырууну көздөшөт. Кеп мында акча агымдарынын даректеринин алмашышы жана жашыл революциянын демилгечилеринин курамын алмаштыруу туурасында. Албетте, бул каражаттардын баары текке кетет. Чакан жана орто бизнеске тийбейт. Экономиканы өбөлгөлөө боюнча Европа биримдиги тарабынан жарыяланып жана кабыл алынган пландын жарымы, ал эми бул дээрлик 740 миллиард евро — экологиялык демилгелерге бөлүнгөн каражат. Бирок аларды алуу шарттарына ылайык субвенциялар иш жүзүндө ири гана трансулуттук корпорацияларга багытталган.

Гретачы? Грета өз ролун аткарды, эми кете берсе болот. Тагыраак, аны оюндан четтетишти. "Экологиянын Жанна д'Аркынын" соңку билдирүүсү климаттын өзгөрүшү жана "уурдалган балалык" жөнүндө эмес, COVID-19га каршы вакцинанын "адилетсиз бөлүштүрүлүшү" туурасында жаңырганына күбөбүз. Глобалдык көз будамайлагандар менен бир столдо отурган соң адилеттүүлүктөн кеп салып болобу?

26
Белгилер:
Грета Тунберг, экономика, бизнес, саясат
Тема боюнча
"Байден, курал үчүн рахмат!". Афганистанда талибдерди ким колдоодо
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
Талибан кыймылынын өкүлдөрүнө даярдалган орундуктар. Архив

Афганистан бийлиги талибдер менен кызматташууга даяр экенин айтты. Бир шарты бар

59
(жаңыланган 12:09 03.08.2021)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бийлик "Талибан" кыймылы менен бирге иштешүүгө, аларды өкмөткө алып, ынтымакка келүүгө даяр экенин айткан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Афганистандын расмий бийлиги "Талибан" кыймылы менен кызматташканга даяр. Бирок бийлик талибдерге террорчулукту колдоону токтотушу керек деген шарт коюуда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмардын айтымына таянып, РИА Новости билдирди.

"Биз "Талибан" кыймылы менен бирге иштешүүгө, аларды өкмөткө алып бийлик бөлүшүүгө, ынтымакка келүүгө даярбыз. Бул үчүн көп деле талап же шарт койбойбуз. Өлкө ичинде Афганистандын келечеги афган элинин эрки менен чечилиши керек. Ал эми сыртта башка бир дагы мамлекетке Афганистан коркунуч алып келбегендей болушу шарт. Ошол себептен бизде бир дагы чет элдик террордук күч болбошу керек. Бийлик "Талибан" кыймылын кабыл алууга даяр. Бирок алар террорчулукту колдоону токтотушу зарыл", — деген Атмар.

Ал талибдер чет элдик пикирлештеринин жардамы менен 34 провинциянын ичинен 31инде өкмөттүк аскерлер менен урушуп жатканын айтып, бул террордук кыймылдын адамдык сапатка жатпаган иши экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тиреш жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол сала баштаган.

Афганистандагы туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

59
Белгилер:
Афганистан, бийлик, өкмөт, 'Талибан' кыймылы, кызматташуу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Талибдер чек арада. ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кандай арга табышат?
ЖМК: талибдер Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун баса баштады