Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворковичти кабыл алды

Президент Жээнбеков Россиянын вице-премьерин кабыл алды. Талкууланган маселелер

120
(жаңыланган 21:28 16.12.2017)
Келерки кыргыз-орус региондор аралык конференциясы Челябинскте өтөт

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворковичти кабыл алгандыгын өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана региондор аралык мамилелер тууралуу сөз болду. 

Президент бүгүн Бишкек шаарында өткөн кыргыз-орус региондор аралык VI конференциясына катышкан Аркадий Дворкович менен кезиккенде ушул сыяктуу иш-чаралар салтка айланып бара жатканын баса белгиледи.

"Саясий жаатта КР менен Россиянын ортосунда бир дагы көйгөй жок. Биз региондордун бирге иштешүү боюнча каалоосун колдошубуз керек. Кыргызстандын товарлары Россиянын рыногуна чыгышына кызыкдарбыз", — деди Жээнбеков. 

Аркадий Дворкович өз кезегинде Жээнбековду кызматына киришиши менен куттуктап, Россия Кыргызстан менен ар тараптан иштетүүгө умтуларын айтты. Дворкович кошумчалагандай, келерки кыргыз-орус региондор аралык конференциясы Челябинскте өтөт.

120
Белгилер:
жолугушуу, Сооронбай Жээнбеков, Аркадий Дворкович
Тема боюнча
Кыргызстандын азык-түлүгү Россиянын 13 миң дүкөнүндө сатылат
Россия Кыргызстанда ГЭС куруу маселесине чекит койгон жок
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

46
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

46
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады
Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женевада жолугушуу учрунда

Россия менен АКШ лидерлери бири-бирине эмне белек бергени айтылды

44
(жаңыланган 00:32 17.06.2021)
16-июнь күнү Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байденге орустун улуттук орнаменттери түшүрүлгөн жазуу шаймандарын белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдирди.

Ал эми Байден ага белек катары авиатор формасындагы күндөн коргоочу көз айнек жана хрусталь статуэтка ала келгени белгилүү болду.

Эске салсак, 16-июнь күнү Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

44
Белгилер:
белек, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады