Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев кызматтан кетти

Жазылуу
Ал бул кызматка 2017-жылдын 26-октябрында дайындалган

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев ээлеген кызматынан бошотулганы өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланды.

"Алмазбек Курманалиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Курманалиев аталган кызматка 2017-жылдын 26-октябрында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0