Сот Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-мекенчил" депутатка кылмыш ишин Баш прокуратура мындан 10 ай мурда козгогон

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгып, ага 5 млн. сом айып салынды.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Сот жараянына сот Айбек Эрнис уулу судьялык кылып, аны Кылмыш Кодексинин эки беренеси менен күнөөлүү деп тапты.

Эл өкүлүнө ушул жылдын февраль айында кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура депутатка Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп кине койгон. Эл өкүлү менен чогуу Эсеп палатасынын кызматкерлери "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде күнөөлөнгөн. Ага өлкөнүн сыртына чыкпоо боюнча эскертүү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0