Кыргызстан Иерусалимди Израилдин борбору деп таанууга каршы чыкты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүИерусалим. Архив
Иерусалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Башкы ассамблеясынын документине каршы 9 гана мамлекет каршы чыккан

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Иерусалим боюнча резолюциясын колдоого алды. Анда АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганын жокко чыгаруу каралган. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.

Документти 128 мамлекет колдосо, тогузу каршы чыгып, дагы 35и добуш берүүдөн карманган. Ал эми Кыргызстан Иерусалимди Израилдин борбору деп таанууга каршы чыкты.

БУУга мүчө өлкөлөр кабыл алган резолюцияда Иерусалимдин статусун өзгөртүүгө багытталган бардык аракеттер юридикалык күчкө ээ эместиги баса белгиленген.

"Башкы Ассамблея Ыйык Иерусалим шаарынын статусун, демографиялык түзүмүн өзгөртүүгө багытталган кандай гана аракеттер болбосун юридикалык күчкө ээ эмес экенин  тастыктайт. Ошону менен бирге ал Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын негизинде жокко чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми резолюцияга каршы добушун АКШ, Израиль, Гондурас, Гватемала, Науру, Микронезия, Маршалл аралдары, Палау жана Того берди.

Ситуация в Иерусалиме - Sputnik Кыргызстан
Түркия АКШнын Иерусалим боюнча чечимин өзгөртүү үчүн БУУга кайрыларын айтты
Украина, Молдова, Грузия, Түркмөнстан жана башка бир катар делегациялар добуш берүүгө катышкан жок. Борбор Азиядагы калган мамлекеттер (Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан) БУУнун резолюциясын колдоду.

Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганын жана Тель-Авивдеги АКШнын элчилигин көчүрүү боюнча мыйзамга кол койгон. Бул бир катар өлкөлөрдүн тынчын алып, палестиналыктар каршылыкка жапырт чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0