Назарбаев Жээнбековго: мен Кыргызстанга эч качан сөз тийгизген эмесмин

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Сооронбай Жээнбеков Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда. Архив
КР президенти Сооронбай Жээнбеков Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий сапар менен барды

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга болгон мамилеси тууралуу айтканын Sputnik Казакстан маалымдады.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстанга расмий сапар менен барды

"Сооронбай Шарипович, сиз шайлангандан бери экөөбүз экинчи ирет жүз көрүшүп жатабыз. Минскиде эле көп көйгөйлөр чечилген", — деди Назарбаев тар чөйрөдөгү жолугушууда сүйлөп жатып.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
Ал Казакстан кыргыз тарап койгон маселелердин баарын чечүүгө дайым даяр экенине токтолду.

"26 жылдан бери эгемендүүлүктө жашап келе жатабыз. Мен Кыргызстанга эч качан сөз тийгизген эмесмин. Биз келебиз-кетебиз, эки коңшу өлкө калат. Ар бир муун алдында кийинкисине жакшы мамилени мурастоо милдети турат. Кош келипсиз, мен абдан кубанычтамын", — деди Назарбаев.

Жээнбеков казак президентине чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биздин дипломатиялык мамилелерге 25 жылдын жүзү болду. Түбөлүк достук боюнча келишимге кол койгонубуздан бери 20 жыл өттү. Менин сапарым ушул күнгө туш келүүдө. Сиз туура айттыңыз, дүйнө жүзүндө кыргыз менен казак элинен бири-бирине жакын тууган эл жок. Мен мамилени бекемдөөгө бардык аракетимди жумшайм", — деди КР президенти.

Сапардын алкагында Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен да жолугушуусу пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0