Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы парламентке өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышуу үчүн барган

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди.

Өлкө башчы парламентке өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышуу үчүн келген. Бүгүнкү жыйында биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев, вице-премьер Даир Кенекеев жана маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ант беришти.

Жаңы өкмөт мүчөлөрүнө президент ийгилик каалап, эл өкүлдөрүн жаңы жылы менен куттуктады.

"Жаңы жыл мамлекетибизге ийгилик алып келген жыл болсун. Молчулуктун, токчулуктун жылы болсун. Убадаларыбыз аткарылып, өкмөт мүчөлөрү жакшы иштесин", — деди Жээнбеков.

Өз кезегинде спикер Дастан Жумабеков да жаңы өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0