Кетти! Бабанов саясаттан жана депутаттыктан баш тарткан себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабанов бийликтен анын командасын саясий куугунтуктоого албоосун суранган

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фрациясынын лидери Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатынан баш тартып, саясаттан кетерин билдирди.

Бабановдун бул билдирүүсүн аталган партиянын штабы таратты.

Бабановдун айтымында, ал президенттик шайлоонун алдында командасына эгер көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албай калса, саясаттан кетем деп убада берген.

"Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан жалгыз туура чечим болду деп эсептейм. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат. Өзгөчө ыраазычылыгымды ооматта да, оор учурда да, мага ишеним корсөткөн, мени колдогон командама, партиялаштарыма жана тарапташтарыма билдирем", — деди ал.

Ошондон эле Бабанов бийликтен анын командасын саясий куугунтуктоого албоосун суранган.

ЖК депутаты Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
НТС каналынын жагдайы боюнча Өмүрбек Бабанов жана Сот департаменти үн катты
Эске салсак, ушул жылдын 4-ноябрь күнү Өмүрбек Бабановго карата Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козгогон. Ошол күндөрү депутат ден соолугун чындоо максатында чет өлкөгө кеткени айтылган. 

Ал эми 13-ноябрь күнү Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен фракциянын лидерлигинен кеткен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0