Портфель. Архивное фото

Сапар Исаков вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин сунуштоодо

338
(жаңыланган 17:22 08.01.2018)
Акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өкмөт башчысы Сапар Исаков вице-премьерликке Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси Санжар Муканбетовду көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булак билдирди. 

Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги 9-январда парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат.

Эгер аны комитет жактырса, акыркы чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынат.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына дайындалгандан кийин анын орду — вице-премьерлик бош калган.

338
Белгилер:
вице-премьер-министр, дайындоо, Санжар Муканбетов, Сапар Исаков
Тема боюнча
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду Улуттук банктын төрагалыгына жактырды