Артем Новиков менен Кубанычбек Кулматов Сапар Исаковдун каарына калды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Евразийского межправительственного совета в Ереване
Заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар кызматкерлер милдеттерин так аткарбагандыктан кызматтан алынды

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Сапар Исаков "ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялады. Тийиштүү буйрукка кол коюлганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Буйрукка ылайык, сөгүш экономика министри Артем Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

Ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, өкмөт аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0