Чиновник. Архив

Тынбай алмашкан вице-премьерлер. Эмнеге, кантип жана качан?

346
(жаңыланган 10:07 13.01.2018)
Учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун төрт орун басары болот

БИШКЕК,10-янв. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеш Санжар Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьерлик кызматка бекитти. Өкмөт башчынын дагы бир орун басары кызматка дээрлик отурду, эми болгону президенттин Жарлыкка кол коё турганы гана калды.

Анын талапкерлигин депутаттардын 98и колдогону менен добуш берүүдө кайчы пикирлер жаралып, бул кызматтын өзүнө нааразы болгондор ойлорун билдиришти.

Sputnik Кыргызстан вице-премьерлик кызматтардын тарых-таржымалына көз жүгүртүп, аны менен кошо бир канча тараптын пикирин укту.

Үч-төрт

2010-жылдан тарта Кыргызстанда вице-премьерлер (биринчи орун басарды кошо алганда) тез-тез алмаштырылып турду.

Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү (2010-2011-жылдар) — үч вице-премьер: биринчи вице, экономика жана күч түзүмү боюнча орун басар;

Өмүрбек Бабановдун өкмөтү (2011-2012-жылдар) — үч вице-премьер: биринчи вице, экономика жана социалдык тармак боюнча орун басар;

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү (2011-2012-жылдары) — алгач үч вице-премьер болгон: биринчи вице, экономика жана социалдык тармак боюнча орун басар. Кийинчерээк ага тартип коргоо органдары жана чек аралар боюнча вице кошулду;

Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү (2014-2015-жылдар) — төрт вице-премьер: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча вице;

Темир Сариевдин өкмөтү (2015-2016-жылдар) — төрт вице-премьер: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча вице;

2015-жылдын ноябрынан тарта үч вице-премьер калды: алар биринчи вице, экономика жана социалдык тармак боюнча орун басарлар эле;

Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү (2016-2011-жылдар) — төрт вице-премьер: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча вице;

Исаковдун өкмөтүндөгү вице-премьерлердин башаламандыгы

Сапар Исаковдун өкмөтү 2017-жылдын август айындагы бекитилген. Курамы боюнча төрт вице-премьер каралган: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча премьердин орун басары; 1,5 жылга жетпеген мезгилде вице-премьерлердин деңгээлинде да бир канча орун алмаштыруулар болду. Муканбетовду эсептей келгенде премьер Исаков ушуну менен жетинчи орун басарлуу болду. Буга чейин күч түзүмүн жетектеген Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза тапты. Өкмөттөгү дагы бир вице Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна Дайыр Кенекеев келди. Ал эми биринчи вице Толкунбек Абдыгулов кызматынан жөнөкөй вицеликке түшүп, анан кайра Улуттук банкты жетектеп кетти. Мукамбетов эми анын ордуна келип отурат.

Өкмөттөгүлөр кимиси кайсы тармакка чегилген?

Праламент бүгүн Мукамбетовдун талапкерлигин карап жатканда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков биринчи вице Аскарбек Шадиевге кайрылды.

Депутат ЖК 6 созыва Рыскелди Момбеков от партии СДПК. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков

"Мукамбетовдун кесипкөйлүгү туурасында кеп жок, аны Экономика министрлигине алып барсаңар болмок. Кеп башкада. Биз күздөн бери эле жалаң вицелерди шайлап келе жатабыз, бири жылып кетет, бири жыдып кетет, бири качып кетет, бири басып кетет. Эл эмес, биздин башыбыз айланып калды. Ким кайсы тармакты тейлейт?" — деп суроо узатты Момбеков.

Буга жооп берген Шадиев күч түзүмдөрү боюнча тармакты Исаков өзү жетектей турганын айтты.

Депутат Аскарбек Шадиев на заседании Жогорку Кенеша
© Фото / пресс-служба ЖК
Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев

"Бүгүнкү күндө социалдык багыт боюнча Чолпон Султанбекова. Аймактык жалпы өзгөчө кырдаал жана чек аралар, өнүгүү боюнча Дайыр Кенекеев, реалдуу сектор боюнча мен (Аскарбек Шадиев – ред.), ал эми укук коргоо органдары боюнча премьер-министр өзү тейлеп жатат. Мурдагы коллегабыз Абдыгуловдун милдети –киреше, чыгаша, банк тармагы болчу ", — деди Шадиев.

КСДПнын дагы бир депутаты Искендер Матраимов вице-премьерлер менен министрлерди кандай критерийлердин негизинде тандап, аныктайсыңар деген суроо узатты.

Шадиев аны премьер өзү чечерин айтты.

"Илгери премьер-министрлер токтобосо, азыр кезек вицелерге жетти. Ар бир айда бирден алмашып жатат. Санжар Турдугожоевич, сиз өзүңүз канча айга келдиңиз", — деген суроо берди. Ага Мукамбетов "иштейли деп келдик" деген жообун узатты.

Пленардык жыйында ал кайра иштетүү өнөр жайы боюнча тармакты тейлерин айтты.

Өкмөткө төртүнчү орун басар керекпи?

Ушул эле жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов ал жыйында вице-премьерлер жардамчысы менен эле айдоочусун башкара аларын айтты.

Депутат от фракции СДПК Дастан Бекешев. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Алар министрлерди кызматынан алып же дайындай албайт. Болгон бийлиги — депутаттар менен министрлерге тапшырма бергени. Вице-премьерлердин санын кыскартып, бир министрликти да бериш керек. Маселен, экономикалык өнүгүү боюнча вице-премьер бир учурда эле Экономика министрлигин жетектесе. Ошондо реалдуу ыйгарым укуктары пайда болот эле", — деген оюн айтты Бекешов. 

Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев депутаттардын жааган суроолоруна жооп берип жатып, болочоктогу кесиптешине сөз тийгизгиси келген жок.

"Мен да мурда парламентте отурганда төрт вице-премьер көптүк кылат деген пикирде элем. Бирок иш жүзүндө өкмөттүн иши абдан көп, эртең мененки саат 8.30-9.00дан тарта түнкү 11ге чейин иштейбиз. Күнүнө 6-7 жыйын өтөт", — деди Шадиев.

Ал мурда 4-вице күч түзүмдөрү үчүн керек болсо, ал азыр өлкөнүн өнүгүшү үчүн экономикалык багытка зарыл болуп жаткандыгын белгиледи.

346
Белгилер:
вице-премьер-министр, өкмөт, Санжар Мукамбетов, Аскарбек Шадиев, Сапар Исаков
Тема боюнча
Татту Мамбеталиева стала советником премьера. Девятым по счету
ЖК вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды
Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов. Архив

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов кызматтан кеттиби? Расмий жооп

933
(жаңыланган 20:51 24.09.2020)
Матраимов аталган районду сегиз жылдан бери жетектеп келет. Бүгүн социалдык тармактарда анын кызматтан кеткени тууралуу кептер тарап жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. Бул тууралуу Sputnik агенттигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Матраимов район башчылыгынан кетти деген кептер тарап жатат.

Облус жетекчиси Юсупов бул маалыматты төгүндөп, Мартаимов кыска убакыттагы эс алууга чыкканын билдирди.

"Арыз жазды деген маалымат жок. Ал киши отпускага кетти", — деди Юсупов.

Кабарчынын ал качан жана канча убакытка эс алууга кетти деген суроосуна "бүгүндөн тарта бир айга" деп жооп берди.

Тыңгылыктуу санариптеше албай жатабыз! Суракматов бир жетекчини кызматтан алды

Матраимов Кара-Суу районун 2012-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келет.

933
Белгилер:
Тилекбек Матраимов, аким, кызмат, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди
Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

172
(жаңыланган 20:23 24.09.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт.

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

  • Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду;
  • Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды;
  • Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган;
  • Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды;
  • Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда;
  • Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек;
  • Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду;
  • Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат;
  • Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат;
  • 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт;
  • ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады;
  • 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.
172
Белгилер:
прокурор, мыйзам бузуулар, талапкер, каттоо, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

0
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

0
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти