Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

КСДП курултайында партияга Алмазбек Атамбаевди төрага кылып шайлоо маселеси каралат

456
(жаңыланган 16:23 17.01.2018)
Буга чейин КСДПнын төрагасынын милдетин экс-төрага Чыныбай Турсунбеков аткарып келип, ал кызматтан жайында кеткен

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Январдын аягы, февралдын башында болуучу КСДПнын курултайында партиянын төрагалыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шайланышына толук негиз бар. Бул туурасында ЖКнын экс-спикери, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Учурда уюштуруу тобу иштеп жатат, алар күн тартибин аныктайт. Партиянын төрагасын шайлоо күн тартибиндеги маселелердин бири", — деди экс-спикер.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Партиянын төрагалыгына экс-президент Алмазбек Атамбаев шайланабы деген суроого "принцибинде, бул маселе (Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы — ред.) көптөн бери айтылып келе жатат, ага негиз бар деп толугу менен айта алам", — деди Турсунбеков.

 Буга чейин КСДПнын төрагасынын милдетин Чыныбай Турсунбеков аткарып келип, ал кызматтан жайында кеткен.

Партиянын соңку курултайы 2017-жылдын 15-июлунда президенттик шайлоого карата өтүп, анда КСДПдан аттанган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталып, бир добуштан бекитилген.

456
Белгилер:
төрага, КСДП фракциясы, Чыныбай Турсунбеков, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаев чет жакта эс алып кайтты
Атамбаевге президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылында элден кандай каттар келген