Өмүрбек Бабановдун ордуна кимдин депутат болуп келери белгилүү болду

Жазылуу
Жума күнү Боршайком Бабановдун өз ыктыяры менен мандаттан баш тартуу боюнча арызын карап, аны канааттандырган

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өмүрбек Бабановдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин мурдагы директору Абдыбек Дүшалиев келиши керектигин БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

19-январда Боршайком Бабановдун өз ыктыяры менен мандаттан баш тартуу боюнча арызын карап, аны канааттандырган.

"Тизме боюнча кезекте Абдыбек Дүшалиев турат, андыктан мандат ага берилет. Мандатты тапшырардан мурун процедураны сактап үч күн күтүш керек. Бүгүн акыркы күн", — деди Бекматов.

Эске салсак, 2017-жылы 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин "Конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо" жана "Улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0