Сапар Исаков ТЭЦ жетекчисин жумуштан алууну тапшырды

Жазылуу
Өкмөт башчы шалаакылыкка жол берген кызматкерлерди жазалоо комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чечилерин белгиледи

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун бир катар жетекчилерин ээлеген кызматынан алууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү Исаков ТЭЦтеги түзүлгөн кырдаал үчүн элден кечирим сурап, энергетика тармагы жана күз-кыш айларына даярдык үчүн жоопкер адамдар жазалана турганын айткан.

“Премьер-министр Улуттук энергохолдингге ”Электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев менен ТЭЦ директору Нурлан Өмүркул уулун жумуштан алууну сунуштоо чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: эмнеге ТЭЦтин системасын кытайлыктар башкарып жатат?
Мындан тышкары, Бишкекти жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын демилгеси менен авариянын себебин аныктоочу ведомство аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынган. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарын, мамлекеттик орган өкүлдөрүн, энергетика тармагындагы адистер менен көз краандысыз эксперттерди киргизүү сунушталды.

Исаков шалаакылыкка жол берген кызматкерлерди жазалоо аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чечилерин белгиледи. 

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон. 

30-январь күнү таңкы саат 4:40да Бишкек ТЭЦиндеги №3 блок ишке киргенин "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын маалымат кызматы кабарлаган. Ага ылайык жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгып, +88 градуска чейин жылуулук берери айтылган. 29-январда системага суу толтуруу аракеттери башталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0