Исаков: Калиевдин отставкага кетүү боюнча арызын кабыл алган жокмун

Жазылуу
Премьер-министр ТЭЦтеги авариядан кийин бир эле адам өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арызын бергенин айтты

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин иштен кетүүнү каалаганын премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Руслан Казакбаев министрлер кабинетинен кимдир бирөө отставкага кетүү боюнча арыз берген-бербегенин сураган.

"Бир эле адам арыз берди. Ал азыр бул жерде отурган "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айбек Калиев. Бирок мен анын рапортун кабыл алган жокмун. Ал убайым тартып күнү-түнү объектиде жүргөнүн көрүп жатам. Албетте Калиевдин дагы күнөөсү бар, бирок арыз менен ушул эле адам кайрылды", — деди Исаков.

ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Артыкбаев: бир кичинекей жердеги "сбой" жалпы системага сөз тийгизип жатат
Шаршемби күнү, 31-январда Сапар Исаков менен өкмөт мүчөлөрү ТЭЦтеги авария боюнча маалымат берүү үчүн парламентке келишкен. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев премьер-министрдин отставкага кетүүсүн талап кылды.

Жогорку Кеңештеги ТЭЦ чыры боюнча жыйындын тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп, түз алып берүүдөн жыйынды көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0