Сапар Исаков: мен деле араң турам, баарын "жестко" кылып салгым келип жатат

© Фото / пресс-служба ЖК КРПремьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн ТЭЦтеги авариянын кесепети тууралуу отчетун угуп жатат

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Мен деле араң турам, баарын "жестко" кылып салгым келип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков парламентте депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн ТЭЦтеги авариянын кесепети тууралуу отчетун угуп жатат. Жыйын суроо-жооп иретинде өтүүдө.

Момбеков ТЭЦ жетекчилигин иштен алуу керектигин белгиледи.

"Мен деле араң турам. Баарын "жестко" кылып салгым келип жатат. Бирок сабыр да керек экен. Жетекчилик кызматтан алынды. Иликтөө бүтсүн, инженерлер өз ишин жасасын", — деди Исаков.

Жыйын түз алып берүүдөн көрсөтүлүп, жүрүшүн тексттик трансляция чагылдырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0