Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга учуп кетти. Делегациянын курамы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Россию
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Россию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегация курамына депутаттар, министрлер жана ведомство жетекчилери кирди

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанга жөнөп кетти.

Анын алкагында өлкө башчынын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, премьер-министр жана парламент төрагасы менен жолугушуусу пландаштырылган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Тажикстанга барат. Кимдер менен жолугуп, кандай маселелер талкууланат?
Делегация курамына тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, экономика министри Артем Новиков, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Мамлекеттик чек ара кызматы Уларбек Шаршеев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов кирди.

Мындан тышкары, расмий сапардын алкагында Жээнбековду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абулгазиев жана ЖК депутаттары Сайдолижон Жураев менен Алмасбек Акматов коштоп жүрөт.

Жолугушууларда чек ара делимитациясы, экономикалык жана гуманитардык тармактагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0