Исаков менен Медведев Алматы шаарындагы жолугушуусунда эмне тууралуу сүйлөштү

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРабочий визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Казахстан
Рабочий визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгы үчүн бардык диалогдорго даяр экендигин билдиришти

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Россиянын министрлер кабинетинин жетекчиси Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды талкуулаганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуу 2-февраль күнү Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында өттү. 

Пикир алышуу учурунда ЕАЭБде санариптик чакырыкты ишке ашыруу маселеси талкууланып, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуулар боюнча маселелерге басым жасалды.

"Россия тараптан көтөрүлгөн демилгелер ЕАЭБди мындан ары дагы чындоого өбөлгө болот деп ишенем", — деди Исаков.

Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-орус кызматташтыгы үчүн бардык диалогдорго даяр экендигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0