Жумуштан кеткиси келбеген ТЭЦ башчысы митинг уюштурабы? Жетекчинин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ТЭЦ Бишкека Нурлан Омуркул уулу
Директор ТЭЦ Бишкека Нурлан Омуркул уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурда Нурлан Өмүркул уулун авария болгон күнү иштеген жумушчуларды кызматтан кетирип жатат деп күнөөлөгөндөр болгон

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек жылуулук электр борборунун башкы директору Нурлан Өмүркул уулу ээлеген кызматын сактап калуу үчүн кол алдындагыларды митингге чыгарып, туугандары анын пайдасына кол чогутуп жатканын kaktus.media сайты жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, директор жумушчуларын чогултуп, кызматында калуу үчүн аягына чейин барарын айткан.

"Станциянын дежур инженери Калыс Жамангулов директордун бир тууганы. Ал Нурлан Өмүркул уулунун пайдасына кол чогултуп жатат", — деп жазылган макалада агенттиктин жеке булактарына таянуу менен.

Бишкек ТЭЦиндеги абалдын канчалык курч экенин билүү максатында ишкананын жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун өзү менен байланыштык.

"Өзүм интригадан алыс адаммын. Ошондуктан мени эмнеге мынчалык каралап жатканына жакшы түшүнбөй жатам. Жогоруда айтылгандар чындыкка дал келбейт", — деди Өмүркул уулу.

Ошондой эле ал аны айрым ЖМКлардын кызматтан кеткен директор деп жазганы туура эмес экенин, анткени бул боюнча расмий буйрук жок экени кошумчалады.

Кызматкрелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн башкы энергетиктери канча айлык алып, эмне мүлккө ээлик кылат
Эске салсак, бир нече күн мурун ТЭЦтин жетекчилиги авария болгон күнү иштеген жумушчуларды кызматтан кетирип жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, Нурлан Өмүркул уулу аны дагы жалаа жабуу катары баалаган.

Белгилей кетсек, ТЭЦтеги чуудан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиев жазган. Бирок премьер-министр Сапар Исаков аны кабыл албаганын айтты.

Ал эми КРдин Башкы прокуратурасы Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0