Бишкек ТЭЦине мурдагы директору кайрадан жетекчи болуп дайындалды

Жазылуу
Андрей Воропаев 26 жылдан бери энергетика тармагында иштеп келет

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Андрей Воропаев Бишкек ТЭЦинин директору болуп дайындалганын "Электр станциялары" ААКсынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи кымбатка турдубу? КМШ өлкөлөрүндөгү башка ТЭЦтерге канча акча кеткен
Премьер-министр Сапар Исаков 30-январь күнү Улуттук энергохолдингдин төрагасына "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев менен ТЭЦ директору Нурлан Өмүркул уулун кызматтан бошотуу тапшырмасын берген. Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси 2-февралда жумуштан алынган.

Анын милдетин убактылуу башкы инженер Таалай Бектенов аткарып жаткан.

"Андрей Воропаев 26 жылдан бери энергетика тармагында иштеп келет. Аталган ТЭЦти 2013-2017-жылдары башкарган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми буга чейин Воропаев ТЭЦтин башкы инженеринин орун басары болуп келген.

Белгилүү болгондой, ТЭЦтеги авариянын кесепетинен кызматтан улуулар гана эмес, өз каалоосу менен жазылган арыздар дагы болгон. Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевдин арызын өкмөт башчы кабыл албай койгону маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0