Кесиптештеринен уялган Камчыбек Жолдошбаевдин эмне мүлкү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын өз унаасы болбогону менен жакын туугандарынын атына төрт машина катталган

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев бир батирге жана беш компаниядагы үлүшкө ээлик кылат. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик кадр кызматындагы декларацияда көрсөтүлгөн.

Андагы маалымат боюнча депутат 2016-жылы негизги кызмат ордунан 784 миң сом иштеп тапкан. Ошондой эле аянты 40 чарчы метр батири бар экени айтылган.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Уялткан маршрутка: Сапар Исаков эмнеден уяларын айтты
Мындан тышкары, эл өкүлүнүн эки компанияда 100 пайыздык, эки ишканада 51 пайыздык жана бир ААКда 50 пайыздык үлүшү бар.

Декларацияда анын өз наамында бир дагы унаа көрсөтүлгөн эмес, бирок жакын туугандарынын Lexus LS-430, BMW X5, Lexus RX-300 жана Subaru Forester унаалары, ошондой эле 171 миң сом кирешеси бар экенин көрүүгө болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын билдирген.

Белгилей кетсек, депутат Жолдошбаевдин пикиринен кийин бир катар депутаттар коомдук транспортто жүргөндө өзүн кандай сезерин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0