Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин иш мөөнөтү соңуна чыкты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду иш мөөнөтү соңуна чыкканына байланыштуу кабыл алды
Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду иш мөөнөтү соңуна чыкканына байланыштуу кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айымдос Бозжигитов элчи болуп Кыргызстанда үч жылга чукул иштеди

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бүгүн, 8-февраль күнү, премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду иш мөөнөтү соңуна чыкканына байланыштуу кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн Бозжигитовго ыраазычылык билдирди.

"Сиз менен тыгыз иштешүүнүн натыйжасында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүп, жакшы жыйынтыктарга жетиштик", — деди өкмөт башчы.

Өз кезегинде Бозжигитов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бири-бирине болгон ишеним жогорулаганын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү
"Эки өлкөнүн соода-экономикалык товар айлантууну 1 миллиард долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Биргеликте жасалган аракет менен кыргыз-казак мамилелеринин бардык тармагында ийгиликке жетээрибизден күмөнүм жок", — деди ал.

Бозжигитов элчи болуп Кыргызстанда үч жылга чукул иштеди.

Белгилей кетсек, күздүн башы менен салкындай түшкөн кыргыз-казак мамилелери Нурсултан Назарбаев менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунан кийин жакшыра баштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0