Жээнбеков: коррупциядан арылуу аракеттери коом күткөн натыйжага жете элек

Жазылуу
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнү коррупциядан тазалоо иши коомчулук күткөн натыйжага жете электигин билдирди.

Белгилей кетсек, учурда президенттин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Президент ошондой эле коррупциянын деңгээлин иликтеген "Трансперенси интернейшнел" эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136-орунда турарын кошумчалады.

"Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда. Позициябызды негизинен сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатат", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле коррупция менен күрөшүүгө эрки жетерин жана ага даяр экенин кошумчалады.

Президент былтыркы жылдын аягында коррупция менен кантип күрөшөрүн да айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0