Жээнбеков: сот ишине кийлигишейин деген оюм жок, бирок мажбур болуп жатам

Жазылуу
Ал өз сөзүндө соттордун ишине кийлигишүү оюнда жок, экенин бирок айрым учурлар кийлигишүүгө аргасыз кылып жатканына токтолду

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды одоно бузгон соттор сөзсүз түрдө жазага тартылышы керектигин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, учурда президенттин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Ал өз сөзүндө соттордун ишине кийлигишүү оюнда жок экенин, бирок айрым учурлар кийлигишүүгө аргасыз кылып жатканына токтолду.

"Соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш жасагандарды актап, туура эмес чечим чыгарып, элдин укугун тепселеп жатса, мен президент катары бардык нерсеге кийлигишем. Мага элдик бийликти ишке ашырууга эл өзү уруксат берген. Бардыгын мыйзам чегинде аткарабыз", — деди ал.

Президент ошондой эле айрым соттор жан сакчылар менен жүрүп, өз жанынан коркуп калганын айтты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштады. Кулматов Исаковго маалымат берди
"Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууга маани бербей жатат. Эл силерге арыз-муңумду угат деген үмүттө кайрылат. Бирок баарыңар эле кабыл ала бербейсиңер. Өткөрмө пункттары менен курчалып, күзөтчүлөрдү коюп алып, силер элге жеткиликтүү болбой жатасыңар. Адамдар силерден арка-бел издесе, силер өзүңөр жан сакчы менен жүрөсүңөр, анан кантип элди коргойсуңар?" — деп суроо салды өлкө башчысы.

Жээнбеков ошондой эле акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине даттанып, жарандардан 5 480 кайрылуу келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0