Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев кызматынан бошотулду

Жазылуу
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев отставкага кетүү боюнча арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унааны кайра каттатуунун зарылдыгын Мамкаттоо түшүндүрдү
Анын берген арызын премьер-министр Сапар Исаков кабыл алып, кызматтан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Ал эми Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Алина Шаикова ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0