КСДП менен "Единая Россия" кызматташмай болду

© Sputnik / Григорий Сысоев"Единая Россия" саясий партиясынын желекчелери. Архив
Единая Россия саясий партиясынын желекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ниязов "Единая Россия" менен бардык багытта бирге иш алып барууга даяр экенин белгиледи

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Единая Россия" партиясы Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгону тууралуу маалымат россиялык партиянын сайтына жарыяланды.

Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстандын калган карызын кечүү боюнча документке кол койду
Документке кыргыз тараптан КСДП төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов, ал эми РФ тараптан "Единая Россия" партиясынын Башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак кол койду.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жогорку деңгээлдеги кызматташуу биздин партиялардын ортосундагы мамилеге да таасирин тийгизет деген ойдомун. Келиңиздер, макулдашуунун иш жүзүнө ашыра баштайлы", — деди Турчак.

Өз кезегинде Ниязов "Единая Россия" менен бардык багытта кызматташууга даяр экенин белгиледи.

"Единая Россия" өлкө президентинин жөлөгү экенин билебиз. Партиянын кандай ири иштерди жасап жатканынан да кабарыбыз бар. Биз үчүн маанилүү делген багытта кеп-кеңеш алууга ниеткербиз", — деди ал.

Россия менен кызматташуу муну менен чектелбейт. Жакын арада 240 миллион доллар өлчөмүндөгү Кыргызстандын карызы жоюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0