Мамкаттоо кызматкерлерин жапырт жазага тартуу себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Владимир ФедоренкоПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат катчы элдин арызы кээ бир кызматкерлерди иштен алуу менен канааттандырылганын айтты

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы анын курамындагы ишкана менен бөлүмдөрдөгү иштен алуулар коррупциялык системалардан, кызматтык көрсөтүүдө одоно мыйзам бузуулардан улам болду. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат катчысы Мелис Эржигитов Sputnik Кыргызстан маалымат кызматына билдирди.

"Бул — кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы. Калкты тейлөөдө процедуралык маселелер сакталган эмес, коррупциялык системалар да бар. Андан сырткары, кызмат көрсөтүүдө мыйзамдар одоно бузулган. Документтер өз учурунда берилбей, кармалып, кечиккен. Кызматтык иликтөө элден түшкөн арыздарды негизинде жасалды", — деди Эржигитов.

Ал иликтөөлөргө жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар да негиз болгондугун кошумчалап, Мамлекеттик каттоо кызматы өз чарасын көрүп, андан соң материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлгөндүгүн айтты.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаасын каттата албай кыйналган айдоочу. МКК кызматкери жаранды убара кылдыбы
"Биз (Мамлекеттик каттоо кызматы – ред.) чарабызды көрүп, күнөөлүүлөр админстративдик жоопкерчиликке тартылып, иштен кеткендер кетти. Эми укуктук баа берилиши үчүн материалдар Башкы прокуратурага берилди", — деп айтты Эржигитов.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнөн эки аткаминер жумуштан алынып, дагы бир канчасы дисциплинардык жазага тартылган. Алардын ичинде "Кыргыз почтасы" жана калкты паспорт менен камсыз кылууга түздөн-түз тиешеси бар "Инфоком" ишканасынын кызматкерлери да бар.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев 14-февраль күнү өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, мындай чечимин жеке шарттарына байланыштуу деп түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0