Бишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив

ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр айтылып, кызматтан алуу сунушталды

352
(жаңыланган 14:46 20.02.2018)
Үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, шаарды жана калаа тургундарын бир топ зыянга учураткан

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздаган борбор (ЖЭБ — ТЭЦ) ишинин үзгүлтүккө учуроосун иликтеген мекемелер аралык комиссиянын чечими менен бир нече киши жумуштан алынып, дагы жети кызматкерге сөгүш жарыяланмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.

Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев башында турган мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ал бүгүн, 19-февралда, кырсыкка тиешеси бар бир катар жактарга карата чара көрүүнү сунуштады.

Шадиевдин айтымында, борбордун жетектөөчү жамааты жана жабдуулар штаттан тышкаркы абалга даярдалган эмес.

"Авариянын себептеринин бири болуп Бишкек шаардык ЖЭБинин эски жабдуусун оңдоо иштеринин жетишсиз каржыланышы саналат, ал дээрлик калдык принциби боюнча жүзөгө ашырылган. Ошондуктан Бишкек шаардык ЖЭБ ишин турукташтырууда 2018-жылы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин каржылоону жогорулатуу маанилүү кадам. 2017-жылга салыштырмалуу каржылоо көлөмү 322,2 миллион сомго жогорулатылып, 730,5 миллион сомду түзмөкчү. Буга байланыштуу Бишкек шаардык ЖЭБде 2018-жылга деталдык иш планын аткаруу зарыл", — деди Шадиев.

Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Лев Васильев белгилегендей, аталган абал көбүнесе өлкөдө жылуулук жана энергия булактары үчүн тариф тутуму узак мөөнөттөн бери чечилбей келе жаткандыгына байланыштуу келип чыккан.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, премьер-министрдин кароосуна "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбековду, гидротехникалык кызматынын башчысы Кубанычбек Манкиевди, эскплуатация жана жылуулук-техникалык жабдууну ремонттоо кызматынын башчысы Урмат Мамбетовду ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖЭБдин директору Оморкул уулу Нурлан, анын биринчи орун басары Бердибек Боркоев жумуштан алынган.

Мындан тышкары, "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматынын башчысы Сергей Абдулхаировго, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге жана анын орун басары Нурлан Садыковго, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго жана анын орун басары Азамат Оморовго, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталды.

352
Белгилер:
ТЭЦ, ЖЭБ, авария, комиссия
Тема:
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)
Тема боюнча
ТЭЦтеги авариянын болжолдуу себеби аныкталды
Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев. Архивдик сүрөт

Мамлекеттик катчы тууралуу жобо бекитилди. Милдеттери жана ыйгарым укуктары

39
(жаңыланган 19:58 25.09.2021)
Президенттин жарлыгында мамлекеттик катчынын негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Бул кызмат орун 12 жылдан кийин кайра жанданды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен өлкөнүн мамлекеттик катчысы тууралуу жобону бекитти. Бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июль айынан бери бул кызматты Чолпонбек Абыкеев аркалап келет. Мамлекеттик катчылык кызматы 2009-жылы жоюлган болчу, жаңы баш мыйзам кабыл алынган соң ал кайра иштей баштады.

Жободо белгиленгендей, мамлекеттик катчы жеке президенттин карамагындагы кызмат адамы болуп саналат. Ал Баш мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын чегинде иш алып барат. Мындан сырткары, президенттик администрациянын, министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын аппараттык түзүмдөрү, эл аралык, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен иштешет.

Негизги милдеттери:

  • Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү, билим берүү жана илим маселелери боюнча программалардын, долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө;
  • коомдук ырашкердикти жана саясий туруктуулукту орнотуу, коомдун бардык топторунун жана катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуунун жана бириктирүүнүн негизинде коомду консолидациялоо жана руханий адеп-ахлактык кайра жаралуу боюнча концептуалдуу мамилелерди иштеп чыгуу;
  • маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
  • мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздерин иштеп чыгууга катышуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыздоо.
  • Мамлекеттик катчынын ыйгарым укуктары:
  • коомдун маданий жана руханий өнүгүү абалын, тенденциясын талдоону уюштурат, өлкөнүн илимий жана коомдук чөйрөлөрүн тартуу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте билим берүүнү өркүндөтүү, илимди, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  • мамлекеттик жана коомдук турмуштун ар кандай актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик институттар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
  • коомду маданий жана руханий жактан өнүктүрүү, аялдарды, үй-бүлөнү, жаштарды колдоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, өзүнүн компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
  • руханий адеп-ахлактык тарбиялоону өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук программалардын, Кыргызстандын президентинин жарлыктарынын жана долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөйт;
  • Кыргызстандын президентинин сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйынтыгы боюнча өзүнүн компетенциясына кирген иш-чаралар планын иштеп чыгат жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
  • Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат;
  • өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууларды жүргүзөт;
  • мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан зарыл болгон каалагандай маалыматты белгиленген тартипте сурайт жана алат;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, министрлер кабинетинин жыйналыштарына, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин коллегияларына, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына (кеңешмелерине) катышат;
  • өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угат;
  • өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берет;
  • өзүнүн карамагына таандык болгон маселелерди чечүүгө катышуу үчүн аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын, илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүн, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартат;
  • Президенттин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик катчы өлкө президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Анын өзүнүн катчылыгы болот. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик катчынын сунушу боюнча президенттин администрациясынын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Катчылык кызматтык имарат, транспорт, кызматтык жайлар, керектүү уюштуруучулук техника, байланыш каражаттары жана башка шарттар менен камсыз кылынышы керек.

Мамлекеттик катчынын жана катчылыктын ишин каржылоо президенттик администрациянын камсыздоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражатынын чегинде жүзөгө ашырылат.

39
Белгилер:
мамлекеттик катчы, кызмат, орун, жобо, жарлык, ыйгарым укуктуу өкүл
Тема боюнча
Калбеков: "Тилектештик автобусу" 13 миңдей кишиге укуктук жардам көрсөттү
Юрист 10 жашка чейинки балдардын укук, милдеттерин санап берди
Талибан кыймылынын согушкерлери. Архивдик сүрөт

Талибдер Тажикстанга чектеш афгандык Тахар аймагына миңдеген согушкер жиберди

749
(жаңыланган 18:31 25.09.2021)
Талибан өкүлүнүн маалыматына ылайык, мындай чара коопсуздукка келтирилген коркунучту жок кылууга багытталат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Талибдер* Афганистандын Тажикстан менен чектешкен Тахар провинциясына атайын даярдыктагы миңдеген согушкерин жибергенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ислам эмиратынын (талибдер өздөрүнүн саясий системасын ушундай атап алышкан) ондогон атайын аскер бөлүктөрү Тахарга жиберилди..., он миңдеген атайын аскерлер жөнөтүлдү", — деп жазган кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид өзүнүн Twitter баракчасына.

​Анын айтымына караганда, мындай чара коопсуздукка жаралган коркунучту жок кылууга багытталат.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген, афгандык 34 провинциянын акыркысы Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген.

*КРде жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

749
Белгилер:
'Талибан' кыймылы, Тажикстан, чек ара, Аскер, деңиз күчтөрү
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
"Талибан"* кыймылы БУУга кат жолдоп, кызматташууга чакырды
Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания (ИИХФ) боюнча президенти Рене Фазель. Архивдик сүрөт

Кыйкырып жиберди... IIHF уюмуна вице-президент болгон Оморовдун реакциясы видеодо

0
Кыргызстандык спортчу эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Интернет айдыңына эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания (ИИХФ) боюнча вице-президенти болуп шайланган Айваз Оморкановдун шайлоо жыйынтыгына кубанып кыйкырып жиберген видеосу тарады.

Шайлоо бүгүн, 25-сентябрда, Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Спорттук порталдардын жазганына караганда, жеңишине кубанган Оморканов кыйкырып жиберип уюмдун мурдагы жетекчиси Рене Фазелди чочутту.

0
Белгилер:
федерация, хоккей
Тема боюнча
Кыргызстандык Оморканов эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болуп шайланды
Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу