БШК: Дамирбек Асылбек уулу чет элдик жаран экени аныкталса мандаттан ажырайт

© Sputnik / Болат ШайхиновКазакстандын жаранынын паспорту. Архив
Казакстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу алардын жараны экенин тастыктаган нота жиберген

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Эгер Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу башка мамлекеттин жараны экени аныкталса, Боршайкомдун мүчөлөрү жыйында аны мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Бул тууралуу БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын ТИМинен эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота келип түшкөн.

Бекматов БШК депутаттыкка талапкерлерди саясий партиянын съездинде бекитилген тизме боюнча каттаганын кошумчалады.

"Талапкерлер тууралуу тиешелүү документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыктаган паспорттун көчүрмөсү да тиркелет. Ошол бизге талапкер Кыргызстандын жараны экенин тастыктай турчу документ болуп эсептелет. Соттолгондугу же башка мамлекеттин жараны экенин жашырып койгону үчүн негизги жоопкерчилик жарандын өзүндө болот", — деди ал.

Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары жүргүзгөн операциянын алкагында кармалган адамдардын арасында Кыргызстандын ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгонун ТИМ тастыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0