"Чык эшикке!": Жээнбеков кууп чыккан аткаминерди Исаков иштен алмай болду

© Пресс-служба правительства КРАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директор орун басары Алмазбек Абдыкаровдун архивдик сүрөтү
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директор орун басары Алмазбек Абдыкаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда курулуш агенттигинин башчысы отчетту начар даярдап келгендиктен "чык эшикке" деп жыйындан чыгарган

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн кезектеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директор орун басары Алмазбек Абдыкаровду жумуштан бошотуу боюнча көрсөтмөсүн даярдоону талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай талап 2015-2017-жылдарга карата Коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик стратегия саясатынын ишке ашуусунун жыйынтыгы талкууланган жыйында айтылды.

Исаков мамлекеттик органдардын натыйжасыз жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу керектигин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаровду мисал келтирди.

"Ал экинчи ирет сөгүш алып жатат. Ошол эле учурда аталган ведомстводо коррупция орун алгандыгы жөнүндө жарандар тарабынан абдан көп нааразычылыктар түшүүдө. Июнга чейин ушул көйгөйлөр чечилиши керек", — деди өкмөт башчы.

Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир катар аткаминерлерге сөгүш жана эскертүү берилди. Тизме
2017-жылы 20-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду "чык эшикке" деп кууп чыккан.

Жээнбеков аткаминерди жыйынга даярданбай келгенин айтып жемелеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0