Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

© Фото / пресс-служба МИД КРПрезидент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Данияр Сыдыковдун архивдик сүрөтү
Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Данияр Сыдыковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыдыков буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Данияр Сыдыков президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты Айзада Субакожоева аркалап келген. Ал 26-февраль күнү Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.

Сыдыков жаңы дайындоого чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0