Жээнбеков Ниязовдун отставкасы тууралуу: куттуу орун кур калбайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков посетил Государственный исторический музей КР
Президент Сооронбай Жээнбеков посетил Государственный исторический музей КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент буга чейин Ниязовдун отставкасын президент кабыл албаганы маалымдалган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетиши боюнча өз пикирин өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен болгон жолугушууда айтты.

Жээнбеков Ниязов мамлекеттик башкаруу боюнча мыкты менеджер экенин баса белгилеп, шайлоо өнөктөштүгүндө штабды жетектегенин эске салды.

"Анда биз ал аппаратты жетектейт деп сүйлөшкөнбүз. Бир жума мурда кызматтан кетүү боюнча арызын алып келген. Мен бул чечимди сыйлайм. Эгер кааласа өз эрки. Куттуу орун кур калбайт. Бул кызматты аркалап кете алчу татыктуу кишилер бар", — деди ал.

Президент ошондой эле эртең Ниязов менен жолуга турганын жана бул маселени сүйлөшө турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Ниязовдун отставкасын президент кабыл албаганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0