Нурханбек Момуналиев кызматтан эмнеге кетип жатканы айтылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРуководитель аппарата правительства Нурханбек Момуналиев
Руководитель аппарата правительства Нурханбек Момуналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Момуналиев аппарат кызматкерлеринин кетирген мүчүлүштүктөрү боюнча жоопкерчиликти сезип кызматтан кетүүнү чечкен

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өкмөт аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго Момуналиевди кызматтан алуу боюнча сунуштама жөнөткөн.

Маалымат кызматы Момуналиев эл аралык масштабдагы документти — ЕАЭБдин Бажы кодексин даярдоодо кетирилген катачылыктар боюнча жоопкерчиликти сезип жатканын кошумчалады.

"Жакында да эле "Кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн компетенттүү органдар ортосунда миграция тармагында келишимди ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун даярдоодо ката кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Момуналиев өкмөт аппаратын 2017-жылы жай мезгилинен бери башкарып келген. Буга чейин мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0