КСДПнын съезди өтчү күн айтылды. Алмазбек Атамбаев — төрагалыкка жалгыз талапкер

Жазылуу
Атамбаев 2011-жылдагы инаугурацияга чейин партиянын төрагасы болуп келген

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. 31-март күнү Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын (КСДП) съезди өтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда уюштуруу комитети иш алып барууда.

"Съездди 31-мартта өткөрүүнү пландап жатабыз. Негизги маселе — партияга төрага шайлоо. Алмазбек Атамбаев жазгыз талапкер. Иш-чара кайсы жакта өтөрү азырынча белгисиз", — деди депутат.

Атамбаев 2011-жылдагы инаугурацияга чейин партиянын төрагасы болуп келген, андан соң бул орун бош турган. Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин съезддин мөөнөтү боюнча ЖМКларга ар кандай маалыматтар чыгып жүрөт.

Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу айта турган болсок, өткөн жумада өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков администрациясынын жетекчиси Фарид Ниязов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0