Сапар Исаков бир катар министр менен жетекчилерге сөгүш берди. Тизме

© Фото / пресс-служба ЖКПремьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аткаминерлерге катуу сөгүш берилсе, кээси эскертүү алды

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков министрлер менен айрым административдик ведомстволордун жетекчилерине тартиптик жаза берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чара өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар планы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн көрүлгөн.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге сөгүш жарыяланган.

Премьердин буйругу боюнча эскертүү алгандар:

Уран Ахметов — Юстиция министри;

Бактыбек Секимов — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

Азамат Эркебаев — Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Илияз Ташбаев — Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы.

Ал эми өкмөттүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбагандыгы үчүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды.

2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн эскертүү берилгендер:

Адылбек Касымалиев — финансы министри.

Катуу сөгүш жарыялангандар:

Артем Новиков — экономика министри;

Гүлмира Кудайбердиева — билим берүү министри;

Нурбек Мурашев — айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Уланбек Рыскулов — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Абдыкалык Рустамов — Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бактыбек Абдиев – Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Руководитель аппарата правительства Нурханбек Момуналиев - Sputnik Кыргызстан
Нурханбек Момуналиев кызматтан эмнеге кетип жатканы айтылды
2015-2017-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча КРдин мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Сапар Исаков буга чейин да бир катар аткаминерге эскертүү берген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0