Астанада 15-март күнү Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жолугушат

Жазылуу
Беш тараптуу жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы майрамы Нооруздун алдында өтөт

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Астанада 15-март күнү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жумушчу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Түркмөнстандын атынан Межлистин төрагасы Акджа Нурбердиев келе турган болду", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЖМКнын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда аталган жыйынга катышарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0