Сооронбай Жээнбеков Казакстанга учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Россию
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Россию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен да жолукмакчы

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Государственные флаги Кыргызстана и Казахстана. - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия ажолору эмне маселе боюнча жолугат. Президенттик аппараттын жообу
Иш-чара Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышып, жолугушуунун жыйынтыгы менен мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Сапардын алкагында Жээнбековдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу пландаштырылган. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0