Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишке киришти

© Фото / пресс-служба МИД КРНовый посол Казахстана в Кыргызстане Карим Кокрекбаев
Новый посол Казахстана в Кыргызстане Карим Кокрекбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кокрекбаевге чейин элчиликти Айымдос Бозжигитов аркалап келген

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Казакстандын Кыргызстанга дайындалган жаңы элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушканын аталган ведомство билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял посла РК в Кыргызстане Айымдоса Бозжигитова - Sputnik Кыргызстан
Казак элчисин президент Жээнбеков кабыл алып, КРде дайым ардактуу конок экенин айтты
Маалыматка ылайык, Кемелова элчликке дайындалган Кокрекбаевди куттуктап, ишине ийгилик каалаган.

Министрдин орун басары менен элчи алдыда боло турган эки тараптуу жолугушууларды талкуулашты. Мындан тышкары, өзгөчө көңүл мамлекеттик чек арадагы "Ак-Жол", "Кеңбулуң" жана "Токмок" өткөрүү пунктуларынын ишин жакшыртуу, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу, ошондой эле туризмди өнүктүрүү маселелери каралды.

Эскерте кетсек, Кокрекбаевге чейин элчиликти аркалаган Айымдос Бозжигитовдун дипломатиялык миссиясы 10-февралда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0