Асылбек Жээнбеков мандаттан ажыратуу тууралуу кептерге жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КСДП кезексиз жыйынга чогулган

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Депутаттык мандатты тапшыруу боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Бул тууралуу Асылбек Жээнбеков ЖМКларга жарыяланган кептерге жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулган. Фракция лидери Иса Өмүркулов жыйын майрамга карата уюштурулганын айтып, ЖМКларга жарыяланган экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин "Асылбек Жээнбековду мандаттан ажыратуу маселеси каралат" деген билдирүүсүнө эч кандай түшүндүрмө берген эмес.

"Мандат тууралуу сөз болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Мискенбаев — провокатор. Мандатымды эл гана ала алат. Биз президенттин ишине эч убакта кийлигишпейбиз. Биздин дүйнө таанымыбыз, тарбиябыз, көз карашыбыз башка. Ага барбайбыз. Акаев менен Бакиевдин абалы бизге эле эмес, келечекте президент боло турчуларга да сабак болушу керек. Туугандар өлкө башчынын ишине кийлигишпеши керек. Кыргыз эли аны көтөрө албайт", — деди Жээнбеков.

Ушу тапта фракциянын жыйыны соңуна чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0