"Бийликти басып алууга даярдануу": Бабановдун иши өзүнчө каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековТашиев: мое имя пытаются опорочить, но я с честью вышел из ситуации
Ташиев: мое имя пытаются опорочить, но я с честью вышел из ситуации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө амалдары уланууда. Атайын кызматтын мурдагы депутатка бир катар суроолору пайда болору толук ыктымал

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Мурдагы депутат, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана массалык баш аламандык уюштуруу деп өзүнчө өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ал ошондой эле былтыр 30-сентябрда башкы прокурор Индира Жолдубаева тарабынан депутат Канатбек Исаевге карата кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

"Тергөө Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана мамлекеттик органдардагы байланыштарын колдонуп, бийликти күч менен басып алууну пландаганын тастыктады. Тергөө аяктады. Айыпталуучу менен жактоочулары кылмыш иши менен таанышкандан кийин сотко өткөрүп берилет. Исаев менен чогуу дагы үч кишиге айып тагылууда. Алар камакта. Аты аталган жарандар президенттикке талапкер болгон Бабановдун жактоочулары менен чогуу 2017-жылы 15-октябрда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыктары жасалмаланды деген шылтоо менен бийликти басып алууга даярдык көрүшкөн", — деди Сулайманов.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынды. Сулайманов эгер УКМКнын маалыматтары тастыктала турган болсо Бабановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси карала турганын кошумчалады.

Депутат и кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Башкарманын баласы Өмүрбек Бабанов тууралуу 9 факты
Ал эми "экс-депутатка издөө жарыяланганбы?" деген суроого ал өлкө аймагында жок экенин, "бирок тергөөнүн ага бир нече суроолору болорун" белгиледи.

Өмүрбек Бабановго 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш иши козголуп, улут аралык кастыкты козутуу жана чагымчылдык менен айыпталган. Кылмыш иши козголгон учурда ал өлкөдө болгон эмес. Кийин Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берип, кийин саясаттан кете турганын айткан болчу.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-январда Бабановду өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0