Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулаймановдун архивдик сүрөтү

Прокуратура: Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2 жыл мурда токтотулган

(жаңыланган 11:44 03.04.2018)
Экс-депутат Нурлан Сулайманов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимге кол койгон деп айыпталган

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 2016-жылы эле токтотулганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, экс-депутат транспорт жана байланыш министри болуп турганда Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренеси (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"2014-жылы 22-апрелде Сулаймановга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен аны камакка алуу чечими чыгарылып, издөөгө алынган", — деп айтылат маалыматта.

2016-жылы 6-апрелде бул кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна жиберилип, 2016-жылы 22-апрелде кылмыш ишинин мөөнөтү аяктагандыктан токтотулган. Ошондой эле Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Сулаймановго жарыяланган издөө дагы токтотулган.

Ал эми 2016-жылы 26-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Белгилер:
кылмыш иши, Башкы прокуратура, Нурлан Сулайманов
Тема боюнча
Өмүрбек Бабанов: мыйзамсыз кадамдарды пландады делген адамдарды тааныбайм
Россия президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусунда

Россия Батыштын эрежеси менен ойнобойт. Путиндин кайрылуусу боюнча пикирлер

(жаңыланган 10:47 22.04.2021)
Владимир Путин азыр кандай гана чагымчылык болбосун, Россия "өзгөчө" жооп кайтарууга даяр экенин айтты.

Россия президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусунда тышкы саясат көйгөйүнө дагы көңүл бурду. Ал Буларуста мамлекеттик төңкөрүш жасоо боюнча Батыштын үн катпай жатканын баса белгилеп, Россия азыр кандай гана провокация болбосун, "өзгөчө" жоопторду кайтарууга даяр экенин кошумчалады.

Украина боюнча

Аскердик маселелер боюнча адис Алексей Леонков Владимир Путиндин Россиянын коопсуздугуна жана кызыкчылыгына каршы иштегендерге карата эскертүүсү биринчи кезекте Украинага тиешелүү деген пикирде. 

Военный эксперт, коммерческий директор журнала Арсенал Отечества Алексей Леонков в студии радио Sputnik на IV Международном военно-техническом форуме «Армия-2018»
© Sputnik / Сергей Мамонтов
Аскердик маселелер боюнча адис Алексей Леонков
"Россия бөлөк бирөө коюп берген шарттар менен ойнобойт. Москва дүйнөдө көптөгөн маселелер аскердик күчтүн жардамы менен чечилерин түшүнөт, бирок көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүнү туура көрөт. Кимде-ким сүйлөшкүсү келбесе, тез арада жана өзүнө жараша жооп аларын билиши керек. Украинага байланыштуу кырдаал Крым жана Донбасстын айынан келип чыккан санкциялардан улам түзүлдү. Бирок Россия кимдир бирөө коюп берген шарт менен иш алып барбайт. Путин мына ушуну жеткиргиси келди", — деди адис.

Леонковдун айтымында, Путин ар бир аскердик күчтөр аралашкан аракеттерге тешелүү жооп болорун баарына түшүнүктүү болгудай жеткире алды. Ал эми Украинага өнөктөштөрү "мына, эми согушкула" деген өңүттө мамиле кылууда. Анткени алар Украинага акча салып, аскерлерин даярдаган болчу.

Мындан улам Зеленский Путин менен Донбасста жолугушкусу келгени айтылат. Бирок адис Украина лидери ал жерде Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасынын жетекчилери менен өз алдынча сүйлөшүүсү керектигин кошумчалады.

"Эгер Путин кайрылуу учурунда Донбасс жана Украина тууралуу так кесе бир нерсе айтпаса эле муну алсыздык катары кабыл албашыбыз керек", — деди Леонков.

Беларустагы төңкөрүш

Владимир Путиндин кайрылуусунда Беларусь көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду. Россия Илимдер академиясынын Европа институтундагы Буларусь тууралуу изилдөөлөр борборунун жетекчиси Николай Межевичтин айтымында, Путин Беларуста жөн гана митингдер эмес, мамлекеттик төңкөрүш даярдалганын билдирди. 

Директор Института прибалтийских исследований, профессор Николай Межевич
© Sputnik
Россия Илимдер академиясынын Европа институтундагы Буларусь тууралуу изилдөөлөр борборунун жетекчиси Николай Межевич
"Владимир Путин Батыш киберкоопсуздук жаатында эмне себептен Россия менен кызматташкысы келбегени эми түшүнүктүү болгонун айтты. Анткени Беларустагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинде интернет аркылуу көптөгөн иштер жасалган экен. Дүйнөдө коопсуздук системасын орнотуп коюуга Россия, Кытай жана АКШнын гана саясий эрки керек. Бирок АКШ бул жаатта Россия менен дагы, Кытай менен дагы иштешүүдөн баш тартууда. Ошондуктан дүйнө азыркыдай кыйын абалда турат", — деди Межевич.

Адис Беларуста мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракетине Вашингтондун тиешеси бар экенинен күмөн санабайт.

"Мен Литва же Польшанын чалгынчылары мындай чечимди өз алдынча кабыл алганына ишенбейм. Бул жерде АКШнын кийгишүүсү болгону анык. Акыркы 200 жыл ичинде президенттерди тактан кулатуу Американын сүйүктүү оюну болуп калган", — деди ал.

21-апрелде Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Анда саламаттык сактоо, социалдык саясат, экономика жана эл аралык мамилелер тууралуу сөз болду.

Белгилер:
Беларусь, Украина, кайрылуу, жыйын, Владимир Путин, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байдендин чакыруусун кабыл алды. Путин климат боюнча саммитке катышат
Нургүл Бакирова өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы кызматына тандалды

Кыргызстандын Жогорку сотуна жаңы төрайым шайланды. Сүрөт

(жаңыланган 11:52 22.04.2021)
Жогорку соттун мурдагы башчысы парламенттин чечими менен кызматынан четтетилип, кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Нургүл Бакирова өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы кызматына тандалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

  • Председатель Верховного суда КР Нургуль Бакирова
    Нургүл Бакирова өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы кызматына тандалды
    © Фото / пресс-служба Верховного суда КР
  • Председатель Верховного суда КР Нургуль Бакирова
    Бүгүн Жогорку соттун Судьялар кеңешинин жыйыны өткөн.
    © Фото / пресс-служба Верховного суда КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Верховного суда КР
Нургүл Бакирова өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы кызматына тандалды

Бүгүн Жогорку соттун Судьялар кеңешинин жыйыны өткөн. Ал эми Качыке Эсенканова жетекчинин орун басары кызматына дайындалды.

Март айынын аягында президенттин сунушу менен парламент Жогорку соттун мурдагы башчысы Гүлбара Калиеваны кызматтан четтеткен.

Ага чейин укук коргоо органдары тарабынан Калиевага кылмыш иши козголгондон кийин Дисциплинардык комиссия да тергөө бүткөнгө чейин аны кызматтан четтетүү чечимин чыгарган. Дисциплинардык комиссияга сунуштаманы УКМК жиберген.

Белгилер:
Нургүл Бакирова, дайындоо, Жогорку сот, Кыргызстан
Тема боюнча
Парламент Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан четтетти
Финполдун мурдагы башчысы коррупцияга күнөөлүү деп табылды
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:18 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Президент Ассоциации курортов Кыргызстана Лира Батырбекова
© Фото / пресс-служба правительства КР
"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийдин директору Лира Батырбекова
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр