БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты.
Президент 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экенин айтты. Ошол эле учурда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан дагы катуу аракеттенип, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарыл экендигин баса белгиледи.
Жээнбеков сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда болуп жаткандыгын белгиледи. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жалпы коомчулуктун катуу көзөмөлүндө тургандыгын баса белгиледи.
Жээнбеков УКМК жетекчилигинен алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүп, мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.
"Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш", — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Президент Жээнбеков ошондой эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы күрөш жүргүзүү менен бирге коррупциялык кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо аркылуу коррупциянын алдын алуу боюнча системалуу иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, анын ордуна Илияз Иманбетов келди. Ал буга чейин ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштеген башкармалыкты жетектеп турган.
Кабыл Абдалиев 2019-жылдын июль айынан бери ушул кызматты ээлеп келе жаткан. 2021-жылы өкмөттө реформа болуп, Салык кызматы Экономика жана финансы министрлигинин курамына киргендиктен 1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Абдалиев кайра кызматка дайындалган болчу.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.