Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Тойдун чыгымын чектөөчү мыйзамды депутаттар эмнеге колдобой койгону ачыкталды

917
(жаңыланган 23:56 05.04.2018)
Эл өкүлүнүн айтымында, айрым депутаттардын жана алардын тааныш-туугандарынын тойканалары болгондуктан мыйзам долбоор өтпөй калган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Тойдогу ысырапкорчулукту азайтууга багытталган мыйзам долбоор айрым депутаттардын кызыкчылыгынан улам парламенттен колдоо таппай калган. Бул тууралуу эл өкүлү Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан "Жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу тегерек стол учурунда билдирди.

Депутат Жогорку Кенеша Эмиль Токтошев в офисе международного информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Жогорку Кенеша Эмиль Токтошев

Анын айтымында, айрым депутаттардын жана алардын тааныш-туугандарынын тойканалары болгондуктан мыйзам долбоору ишке ашпай калган.

"Буга чейин тойлордогу чыгымды азайтуу үчүн атайын мыйзам долбоор иштелип чыккан. Аны демилгелегендердин бири мен. Долбоордо тойдун ээси 100-150дөн ашпаган конок чакыруусу керектиги көрсөтүлгөн болчу. Бирок, тилекке каршы, айрым депутаттардын жана алардын тааныш-туугандарынын тойканалары болгондуктан мыйзам долбоор парламенттен колдоо таппай калды", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле тегерек столдун катышуучуларына мыйзам долбоорду кайрадан иштеп чыгып, маселени көтөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Эске салсак, мурдагы депутат Аида Салянова башында турган депутаттык топ тойлордогу шаан-шөкөткө, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштеп чыккан мыйзам долбоорго 70 депутат "каршы", 42 депутат "макул" деген добуш бергени үчүн өтпөй калган. Долбоорго ылайык, эң ири той деп эсептлеген үйлөнүү үлпөтү 150 мейман менен чектелмек.

917
Белгилер:
той, депутаттар, чыгым, мыйзам долбоору
Тема боюнча
Салянованын тойлордо конок санын чектеген мыйзам долбоору өтпөй калды
Элден чыгып каласың... Кыргыз сөзсүз өткөрө турган тойлор
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

5
(жаңыланган 17:40 03.08.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 4-октбярда өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык оюн-зоокторго тыюу салынарын айтты.
Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

Конституцияда шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык түрдө эл чогултуп спорттук оюндарды, концерт өткөрүүгө тыюу салынган. Бул мыйзам азыркы эпидемиологиялык шартка абдан туура келип жатат. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоодо үгүт иштери көбүнесе интернет платформасында жүргүзүлөт.

Шайлдабекова: шайлоо өткөрүүгө санитардык каражаттар колдоо катары келет

"Баш мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштеринде спорттук оюндарды, концерттерди өткөрүүгө тыюу салынган. Анткени оюн-зооктордо партиянын программасы, талапкерлер тууралуу маалымат айтылбай эле жөн гана көңүл ачуу максаты аткарылып жатат. Андыктан Конститутция буга чейин эле мындай аракеттерге тыюу салган болчу. Бирок азыр эпидемиологиялык абал курчуп турганда бул мыйзамды аткарылышына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Шайлоону өткөрүү боюнча түзүлгөн республикалык штаб да бул боюнча алгоритмдерди иштеп чыгат", — деди Шайлдабекова.

Ал Кыргызстандын ар бир жараны санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого милдеттүү экендигин кошумчалады.

5
Белгилер:
үгүт, коронавирус, шайлоо, Нуржан Шайлдабекова
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Бактыгулов: келе жаткан шайлоодо аймактардагы лидерлер чоң роль ойнойт
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Себеби

92
(жаңыланган 13:45 03.08.2020)
Демилгечилердин айтымында, мыйзам иштей баштаса фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга карата каршы пикирге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчы "Биринчи радионун" түз эфириндеги маегинде айтты.

Президент мыйзамдын негизги концепциясын — ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоонун зарылдыгын колдоп, ошону менен бирге төмөнкү каршы пикирлерди билдирет.

Эмнеси жаман? Депутат соцтармакты чектеген мыйзамга каршы кесиптештерине таң калды

Пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөбүздүн негизги мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелет жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.

"Ошол эле учурда мамлекетибиздин негизги мыйзамы жарандарды башка адамдардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоону милдеттендирет. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы мезгилинде социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды таратуу аракеттери жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө, коомдук тартипке зыян келтирип жатканы кошумчаланды.

Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

Бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталат.

"Бул мыйзамды кароону адам укуктарын, мамлекеттик саясатты, мамлекеттин технологиялык жана туруктуу өнүгүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен камсыз кылуу керек деп эсептейм. Баш мыйзамдын 64 жана 81-беренелерин жетекчиликке алып макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайтарам. Бул каршы пикирди Жогорку Кеңеште кароодо аны сунуштоону Маданият, маалымат жана туризм министрине жүктөйм", — деген президент.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген. Ал тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.

Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

 25-июнда Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды кабыл алган. Ага 79 депутат макул болуп, 10 эл өкүлү каршы чыккан.

 

92
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, фейк, сөз эркиндиги, Жогорку Кеңеш, мыйзам, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды
Афганистандын чыгышындагы Желал-Абад шаарындагы түрмөгө жасалган чабуул

Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду

0
(жаңыланган 17:50 03.08.2020)
"Ислам мамлекети" террордук тобунун Афганистандын аймагындагы абакка куралдуу чабуул жасаганы кабарланды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы Желал-Абад шаарындагы түрмөгө жасалган чабуулдун кесепетинен 20 адам каза тапты. Бул туурасында Sputnik Тажикстан 1TV News телеканалына шилтеме берип, кабарлады.

Мындан сырткары, 85 адамдын жаракат алганы айтылды.

Өлгөндөрдүн арасында аскер кызматкерлери менен жай жашоодогу адамдардын бар экени айтылды. Атышуу учурунда коопсуз кызматы кол салган беш согушкерди жок кылган.

Кечирээк бул каргашанын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети террордук" тобу өзүнө алгандыгы белгилүү болду.

Сириялык качкын согушкер АКШ аскерлери "Ислам мамлекети" менен иштешерин айтты

Чабуул учурунда түрмөдө камалгандар качып чыгып, 700 киши ошол жерден эле кармалып, темир торго кайра кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, кармаш 14 саатка чукул созулган. Согушкерлер түрмөнүн эки мунарасын ээлеп алууга үлгүргөн.

0
Белгилер:
түрмө, Чабуул, согушкер, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Афганистан
Тема боюнча
Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде