Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Аскарбек Шадиев. Архив
ЖК депутаты Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шадиев өзүнүн чечимин өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп алгым келбейт деп түшүндүрдү

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Телохранитель президента КР Алмазбека Атамбаева Дамир Мусакеев - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын жетекчи орун басары Дамир Мусакеев кызматтан алынды
Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болду. Аталган сумманы алууга шарт түзгөн катка Аскарбек Шадиев кол койгон. 

Шадиев өзүнүн чечимин өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп алгысы келбегени менен түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0