Экс-депутат Осмоналиевдин кылмыш ишин кайра көтөрүү себеби айтылды

© Фото / Пресс-служба ЖК КРЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин архивдик сүрөтү
ЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш 2014-жылы козголуп, ал 2016-жылы кыскартылган болчу

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Башкы прокуратуранын жасаган иштери боюнча отчетун угуу учурунда башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков экс-депутат Каныбек Осмоналиевге 2014-жылы козголуп кийин 2016-жылы кыскартылгын кылмыш иши эмнеге азыр кайтадан көтөрүлүп жатканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, кээ бир студенттердин дооматтары каралбай калган.

"Мурдагы студенттер арыз менен кайрылган. Ошонун негизинде 2016-жылы кыскарган кылмыш иши кайтадан көтөрүлдү. Биз кыскарган ишти бузууну туура деп таптык, анткени студенттердин арызында жазылган дооматтардын көбү текшерилбептир", — деди Казаков.

Ал ошондой эле окуу жайдан чыгарылган жайырма чакты студентти кайта окуу жайга кабыл алууда төрт студент калып кеткенин кошумчалады. Казаков андан сырткары, студенттер ким аркылуу кимге канча акча бергенин арызда көрсөткөнүнө токтолду.

Белгилей кетсек, мурдагы депутаттын кыскарган кылмыш иши быйыл январда кайта көтөрүлгөн болчу.

Генеральный прокурор КР Индира Джолдубаева - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясы Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөттү
Осмоналиев депутат болуп турган маалда 2013-жылы абитуриенттерди жогорку окуу жайга өткөрүп, алардан пара алган деп айыпталып, бул боюнча Башкы прокуратура 2014-жылы кылмыш ишин козгогон.

Анда Осмоналиев 2013-жылдын август айынын башында Кыргызстан-Россия славян университетине (КРСУ) балдарын өткөрүп берем деп абитуриенттердин ата-энелеринен ортомчу аркылуу 14 000 доллар пара алган. Андан кийин депутат Билим берүү министрлигине жана КРСУнун жетекчилигине жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 27 баласын окуу жайга кабыл алгыла деп кат жөнөткөн. 2013-жылдын 20-сентябрында депутат сунуштаган тизмедеги 24 абитуриент КРСУнун контракттык бөлүмүнө кабыл алынганы тастыкталганын Башкы прокуратура негиз катары келтирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0