Сапар Исаков Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды

Жазылуу
Өкмөт башчы Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгын күтүп жатканын билдирди

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын башчысы Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн Исаков ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында ТЭЦте түзүлгөн кырдаалга жооптуу кишилерди аныктаган.

Өкмөт башчы ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун карап чыгып, ТЭЦтеги абал кызматкерлердин шалаакылыгынан улам чыкканын айтты.

Генеральный директор ОАО Электрические станции Кыдырбаев Узак Асанкарыевич - Sputnik Кыргызстан
"Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынды
Ошондой эле ТЭЦтеги кырдаалдын келип чыгышына тийиштиги бар аткаминерлердин, жетекчилер жана кызматкерлердин аракетине юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратура тарабынын кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Исаков ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун колдоп, Бишкек ТЭЦтиндеги ыкчам аракеттеги персоналдын аракети аварияны жоюу боюнча талап кылынган инструкцияны бузуу менен ишке ашканын айтып, комиссиянын корутундусунда аты аталган жооптуу кишилерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

"Айбек Калиев Улуттук энергохолдингди башкарып турганда жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө жооптуу болгону үчүн иштен алууну чечтим. Мен ведомстволор аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгын күттүм. Процесс учурунда Улуттук энергохолдинг ТЭЦти модернизациялоо боюнча негизги темаларды депутаттарга жана коомчулукка жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок", — деди Исаков.

Эскерте кетсек, 26-январдын кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылып, көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук берүү төмөндөп кеткен. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0