Өкмөт аппаратын жетектеп, юстиция министри болчуларды ЖК комитети жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековХолл здания Жогорку Кенеша в Бишкеке. Архивное фото
Холл здания Жогорку Кенеша в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мукамбетов менен Абдылдаеванын талапкерлигин өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети премьер-министри Сапар Исаков тарабынан сунушталган өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетовдун жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырып, ал маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппаратында 2003-жылдан бери иштеп, 2012-жылы аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Глава Нацэнергохолдинга Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды
Ал эми Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген.

Буга чейин Юстиция министрлигин жетектеген Уран Ахметов өз ыктыяры менен 3-апрелде кызматтан бошотулган.

Ал эми өкмөт аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев да кызматын өз ыктыяры менен 12-мартта тапшырган.

Момуналиевди УКМК Бишкек ТЭЦтин буу казандарын оңдоо боюнча "Электр станциялар" ААКтын жалган тендер өткөрүүсү жана 2017-2018-жылга карата жылуулук сезонуна даярдык көрүү үчүн бөлүнгөн ири суммадагы каражаттарды ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0